www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык айылында көлмөгө 15 жаштагы өспүрүм чөгүп кетти.

Күбөлөрдүн айтымында, чөгүп кеткен өспүрүм достору менен туулган күнүн белгилөө үчүн көлмөгө барган.

“Бул көлмө илгери эле бар болчу. Муну жергиликтүү эл сугатка пайдаланылган каналдын бир жеринен буруп, көлмө кылып жасап коюшкан. Көлмө кичинекей, бирок ортосунда 1-2 жерде терең тешиктер бар. Дал ушул тешикте өспүрүм чөгүп кеткен. Ал күн анын туулган күнү болчу. Ал аны достору менен белгилөөнү каалагандыктан, атасы аларды көлмөгө алып кеткен. Түшкү маал болчу. Өспүрүм чөгүп кеткенде, достору аны таба албай, куткаруучуларды чакырышкан. Баланын сөөгүн 3-4 саатка чейин издешкен”, – деди күбөлөр.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жел-Арык айылындагы көлмөгө 2005-жылы туулган өспүрүм чөгүп кеткендигин кабарлаган. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, алар кечээ, 9-августта, 19:35 чамасында маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости