www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош-Ноокат жолунда унаада эки адам тарабынан сабалган жашы жете элек кыз окуя боюнча версиясын айтып берди. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетте өспүрүмдү унаада эки адам сабап жатка видео тараган. Ага 10 миң сом уурдап кеткени себеп болгон.

Маалым болгондой, жабырлануучу 17 жаштагы С.Г. 44 жаштагы энесинин катышуусунда суракка алынган. Анын айтымында, окуя ушул жылдын 8-июнь күнү саат 22:00дөр чамасында болгон. Буга чейин шектүү Б.Э. өз көрсөтмөсүндө окуя эки жыл мурун болгонун билдирген.

Жабырлануучунун айтымында, 8-июнь күнү шектүү Б.Э. Аны «Келечек» базарынан таап, «Хонда-Одиссей» унаасы менен Папан айылына алып баратып, жолдо унаа бузулуп калып, жанындагы досу экөө кызды кайрымдуулук максатында чогултулган 10 миң сомун уурдап кетти деп айыптап сабап башташкан.

Андан соң, кызды таксиге отургузуп, Ноокатка жөнөтүп жиберишкен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам үйүнө баргандан коркуп жатканын белдирген.

Белгилей кетсек, кыз табылып, суракка алынганга чейин ага издөө жарыяланган. Июнь айында апасы анын дайынсыз жоголгонун билдирип, 29-июлда ал сабалып жаткан видео тарагандан кийин табышкан.

Учурда аталган факты боюнча экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости