www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байсалов Кыргызстанды жомоктогу өрдөккө салыштырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанды жомоктогу өрдөккө салыштырды.

Ал Башкыртстан жана Татарстандын ишкерлери менен ата мекендик бизнесмендердин жолугушуусуна катышты.

"Республикабыздын "балалык чагы" оор болду.

Бул катаал мезгил көпкө созулуп кетти. Бүгүнкү күндө жомоктогу өрдөктөй болуп, эми ак кууга айланууну кыялданып жатабыз", — деди Байсалов.

Бүгүн делегация өкүлдөрүнүн жана кыргызстандык ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өтүп жатат.

Келгендердин курамына экономиканын түрдүү тармактарында өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү менен алектенген 30га жакын россиялык компаниялардын өкүлдөрү кирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости