www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров айлыгы көтөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Текстин өзгөртүүсүз беребиз:

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Эки күн мурун кол койгон "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" жарлыгым сиздер үчүн кубанычтуу жаңылык болуп калды деп ойлойм.

Буга чейин "мамлекеттик кызматтын сапаты төмөн болуп кетти, аброю түшүп калды" деген кептер эл арасында көп айтыла баштаганы жашыруун деле болбой калган. Анын негизги себептеринин бири дал ушул эмгек акы маселесине барып такалчу.

Мына эми жалпыбыздын аракетибиз менен "Кумтөр" сыяктуу ири кендерибизди өз колубузга алып, мамлекеттин кызыкчылыгына буруп, бажы, салык төлөмдөрүнө көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу өлкө казынасын толтуруу боюнча аракеттерибиздин жемишин көрө баштадык. Анын аркасында буга чейин маданият, медицина, билим берүү чөйрөлөрүндө эмгектенгендердин, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин маяналарын кыйла көтөрүүгө жетиштик.

Эми мамлекеттик кызматтын сапаты, аброю, кадыр-баркы дал ушул мамлекеттик кызматкерлердин иштеп тапкан айлык акысына байланыштуу болбош керек.

Маянанын көтөрүлүшү мамлекеттик кызматкерлердин демине дем, күчүнө күч кошуп, иштин илгерилешине чоң жөлөк болот, түрткү берет деп ойлойм.

Кол коюлган Жарлыктын негизги максаты мамлекеттик жарандык кызматчылар менен муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу тармагында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу болгондугу бекер жерден белгиленген жок.

Эми, Кудай буюрса, ар бир мамлекеттик кызматкер ар күнү ишине бара жатканда "бүгүн мен мамлекетиме кандай пайда алып келем" деген жигердүү дем менен келиши зарыл.

Ар бир мамлекеттик кызматкер сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө өз мекенинин патриоту, атуулу болушу кажет. Чыныгы атуулдук касиет ар бир кызматкер өзүнө тагылган милдетин абийирдүүлүк менен так аткарганда билинет.

Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!

Мындан ары ишиңерге жаңы күч, жаңы көз караш менен мамиле кылып, өнүгүү мүмкүнчүлүгү мол болгон өлкөбүздү өргө сүрөөгө, мамлекетибизди өнүктүрүүгө, элибиздин жаркын келечегин түзүүгө батыл киришели!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости