www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто кордук көргөн 15 жаштагы кыздын ишине байланыштуу дагы эки кыз кармалды. Бул тууралуу зомбулукка кабылган өспүрүм кыздын адвокаты Жахангир Сайфуллаев «Азаттыкка» билдирди.

«Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз, мындай нерселерге жол бербешибиз керек. Кылмыш- жаза кодексинде жашы жете электерге карата зомбулук, сексуалдык аракеттер үчүн берене абдан оор. Кечээ эки кыз кармалды. Аларга Кылмыш жаза кодесинин 159-беренесинин («Сойкулук кылууга тартуу») үчүнчү бөлүгү менен айып коюлган», — деди адвокат.

27-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат берип, кызды уруп-сабоого катышы бар деген шек менен 21 жаштагы кыз жана жашы жете элек менен интимдик катнаш жасоого барган деген шек менен 27 жаштагы жаран тергөө кызматына жеткирилгенин кабарлаган.

Азырынча кармалгандардын жакындары же адвокаттары комментарий бере элек.

Өспүрүм кыздын сексуалдык зомбулукка кабылганы боюнча окуя акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, кыздын укугун коргоого жана тез арада чара көрүүгө чакыргандан кийин коомчулукка ачыкталган.

Последние новости