www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын жараны Египеттин атуулу менен бирге Кыргызстандын миграция мыйзамдарын гана бузбастан элди мыйзамсыз дарылап дагы келишкен. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Тактап айтканда, 1984-жылы туулган Өзбекстан Республикасынын жараны Э.О.А, 1975-ж. туулган Египеттин жараны А.М.Е.нин мүмкүнчүлүгүн тартуу менен Ош шаарындагы жеке үйдө «Ойдин» аталышындагы ден соолукту чыңдоочу борбор уюштуруп, анда Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты жана тиешелүү лицензиясы жок медициналык кызматтардын айрым түрлөрү (ички органдардын ооруларын диагностикалоо, фитотерапия, хижама, массаж ж.б.) көрсөтүлгөн.

 Аталган факты боюнча материалдар электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, бул багыттагы иштер улантылууда.     

Калктын саламаттыгын сактоо, ошондой эле квалификациясыз медициналык жардамды болтурбоо максатында УКМК Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген медициналык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензиясы бар медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

Последние новости