www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы 15 жыл ичинде Кыргызстанда диний мекемелердин саны 1,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын 1-январына карата маалымат боюнча өлкөдө 3 329 диний бирикме, уюмдар жана окуу жайлары бар. Анын ичинен 87 пайызы ислам, 12 пайызы христиандык уюмдар. Калган бир пайызы иудаизм, буддизм, бахаи диндерине тиешелүү мекемелерге туура келет.

Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстандагы диний мекемелердин эң көбү мечиттер. Ушул тапта өлкө аймагында 2 688 мечит иштейт. Андан кийинки орундарда медреселер (131), элүүнчүлөр (79), баптисттер уюмдары (60), Православ коому (47) турат. Мындан тышкары, 12 жогорку окуу жай диний агартуучулук менен алектенет.

Ошондой эле диний уюмдардын эң көбү Ош обусунда (977), эң азы Нарында (126) катталган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости