www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 16-февраль саат 10:00дө Жогорку Кеңештин жыйындар залында «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдө боюнча парламенттик угуу өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара аталган мыйзамды ишке ашыруунун абалы менен өлкөдөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн келечегин талкуулоого арналган.

Жыйында экономика министри Артем Новиков мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу механизмдери тууралуу маалымат берсе, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө айтып берет.

Ал эми КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңештин катчылыгынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруудагы бизнес коомчулуктун максаты жана келечеги тууралуу баяндама жасайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости