www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине китеп басып чыгарууга быйыл мамлекеттин эсебинен 16 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2017-жылы министрликке кыргыз тилин өнүктүрүү программасынын алкагында 17 миллион сом бөлүнгөн. Ал каражатка бир канча китеп басылып чыккан, бирок аларды элдин калың катмарына жеткирүү мүмкүнчүлүгү аз болгон.

"Быйыл чоң мүмкүнчүлүк болууда. Маданият министрлигине 16 миллион сом бөлүнгөн. Кандай китептерди басып чыгарсак болот деп бир канча талкууларды да жүргүздүк. Бул багытта атайын комиссия да түзүлгөн. Алар өздөрүнүн сунуштарын беришти: дүйнөлүк классикалык чыгармалар, кыргыз авторлорунун чыгармалары. Бирок сиздер менен да кеңешүүнү туура көрдүк", - дейт өз сөзүндө министр.

Жаманкулов сунуш-пикирлерди үч багытта сунуштоону жана 10-августка чейин кабыл алынарын кошумчалады.

"Биринчиси - кыргыз авторлорунун чыгармалары, экинчиси - дүйнөлүк классикалык, үчүнчүсү - дүйнөлүк аянтчаларда тренд болуп жаткан, бирок кыргызчасы жок китептерди сунуштасаңыздар болот. Айрымдарын быйыл басып чыгарууга аракет кылабыз", - дейт Жаманкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости