www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 16-октябрда коронавирустун курмандыктарынын саны дүйнө жүзү боюнча 1,1 миллиондон ашты. Бул тууралуу Джон Хопкинс университетинин маалыматтарынын негизинде кабарлашты. Коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 39 миллион 266 миң 777 адамга жетти. Ошол эле учурда 26 миллион 950 миңден ашуун адамдын ден-соолугу калыбына келтирилди.
Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, АКШ коронавирустун оорусу жана өлүмү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. АКШда 16-октябрда коронавирус инфекциясы диагнозу коюлган адамдардын жалпы саны 8 миллиондон ашты. Пандемия башталгандан бери 218 573 адам каза болду.
Вирустун жайылышы боюнча экинчи орунда Индия (7 370 468 учур), үчүнчү орунда Бразилия (5 200 300 учур). Акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда коронавирустун 62 миң 684 учуру аныкталды. 59756 бейтап айыктырылды. 520 адам каза болгон.
Рушана Султонова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg