www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашы жете элек кызга үйлөнгөн 44 жаштагы киши кармалып, үй камагына алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун тургуну жашы жете элек Кара-Суу районунун тургунуна үйлөнгөн.

Нике кыюу аземи Ош шаарында өтүп, кийинчерээк ал кызды өзү жашаган облуска алып кеткен. Бул тууралуу маалымат милицияга келип түшүп, иликтөө иштери башталган.

Кийинчерээк ал изделип жатканын билген соң Талас шаарына качып кетип, 25-октябрда Ош ШИИБинин криминалдык милициясы тарабынан кармалган. Ал эми 27-октябрда Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарды.

Ал арада кишинин аялы жана эки баласы бар экени белгилүү болгон. Ал аялы менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмес, ал эми өспүрүм кызга үйлөнгөн учурда аны менен жашабагын айткан.

Учурда «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Тергөө иштери уланууда.

Жогорку Кеңеш 2016-жылы жашы жетпегендерге турмуш курууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, 18 жашка чейин үйлөнүп же турмушка чыккандарга, нике кыйгандарга жана аларды мажбурлап турмушка берген тараптарга жоопкерчилик каралган. Бул үчүн күнөөлүү деп табылгандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости