www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда 16 жаштагы өспүрүм апасына болушуп, өгөй атасын бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 11-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында «102» кызматына Улуттук хирургия борборуна бычактан жаракат алган жаран кайрылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Анда Ак-Ордо конушундагы турак үйдүн ичинен 2004-жылы туулган М.Т. аттуу өспүрүм апасына кол көтөргөнү үчүн өгөй атасынын көкүрөгүнө, курсагына жана сол ийнине бычак менен сайганы аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене («ден-соолукка оор зыян келтирүү») менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө туугандарынын үйүндө жүргөн жеринен 16 жаштагы бала кармалып, тергөө камагына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда», – деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости