www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максат Мамыткановдун жанындагы адамдары мага моралдык жактан күч көрсөтүштү. Бул тууралуу мэриянын кызматкери Асхат Осмонов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, ал азыр ооруканада даарыланып жатат.

«Октябрь окуяларынан кийин 20 күн ооруканада даарыланып чыккам. Андан кийин шаардык мэрияда иштеп жүрдүм. «Душманды алыстан издебе» дегендей ал жерде дагы ич ара конфликтер болуп стресске кабылып, көп кыйналып жүрдүм.

Максат Мамыткановдун жанында жүргөн жан-жөөкөрлөрү мени моралдык жактан басынтып жатышты. Бирок, мен аларды жакын көрүп, ар дайым бирге иш алып барууга даяр болчумун», - деди ал.

Эске салсак, буга чейин Асхат Осмонов экс-вице-премьер министр Максат Мамыткановдон карызын доолап чыккан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости