www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16 жаштагы өспүрүм кызды сойкулук кылууга мажбурлаганга шектелген кыздарга сот чечим чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге жабырлануучу кыздын жактоочусу Айнура Осмоналиева билдирди.
Маалыматка ылайык, өкүмдү кечээ, 24-ноябрда Ленин райондук соту чыгарган.
Анда айыпталуучулардын бири 7 жылга, экөө 6 жылдан эркинен ажыратылган. Бирок 2020-жылдын 8-майдагы мунапыска ылайык, алардын жаза өтө мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскартылган. Ошондой эле аларга 100 миң сомдон жабырлануучуга компенсация төлөө милдеттендирилген.
“Жабырлануучу тарап чыккан өкүм акыйкат болду деп эсептейт. Ошондой эле алар кайра сотко кайрылышпайт. Сотко чейинки өндүрүштө Бишкек ШИИББинин кызматкерлери притон уюштурган жайдын кожоюнун дагы деле кармаган жок. Алар тийиштүү иштерди аткарышкан жок”, – деп билдирди Осмоналиева.
Эске сала кетсек, 2019-жылдын 21-ноябрь күнү Ленин РИИБине М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү сураган арыз түшкөн. Арызда ал 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу жашы жете элек, оорулуу сиңдисине карата күч колдонуп, каалоосуна каршы притондо 12-ноябрдан бери иштөөгө мажбурлаганы жазылган. 23-декабрь күнү арыз менен кайрылган жаран дагы арыз жазып, 2003-жылы туулган сиңдисин 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бейтааныш 2 адам белгисиз унаага салып, Бишкекке алып кеткенин айткан. Аталган фактылар Ленин РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 166-берене “сойкулук кылууга тартуу” жана 170-берене “киши уурдоо” боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Булак: NazarNews.kg