www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16 жаштагы Сальмина 20 күндөн бери дайынсыз

2005-жылы төрөлгөн Асылбекова Сальмина Асылбековна изделип жатат, деп билдирди бүгүн, 14-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.

Жайыл районундагы милиция кызматкерлерине 3-майда кайрылган С.А. өспүрүм кызын табууга жардам сураган. Апасынын айтымында, Сальмина 2021-жылдын 25-апрелинде саат 12:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен. Ошол бойдон дайынсыз.

Анын бою 165-168 см чамалуу, чачы кара жана узун. Ошол күнү кара түстөгү классикалык шым, гүлдөрү бар боз түстөгү рубашка, ак өңдөгү спорттук бут кийим кийип кеткен.

Милициянын маалыматы боюнча, өспүрүм буга чейин да бир нече жолу үйүнөн качып, милиция кызматкерлери тарабынан үйүнө кайтарылган. Апасы кызы үйүнө өзү келет деп күтүп, арыз менен май айында гана кайрылган.

Милиция кызматкерлери Сальмина тууралуу маалыматы бар жарандарды (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85 жана (0312) 22-15-58, 0709 317 474 телефон номурлары аркылуу байланышууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости