www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйөөм «жарашалы» дейт, а мен өч алгым келет

Ооба, он жыл болду. Ошол убакта жолдошум экөөбүз эки жолго түшкөнбүз. Ортобузду муздатып, ажыраштырган бир аял болду. Акыры анын артынан кетип тынды. Бир уул, бир кызым бар. Үй-бүлөнү талкалаган экөө бактылуу болуп кетишкен жок. Ажырашып тынышты.

Күйөөм кайра-кайра үйлөнүп, акыры бирөөсү менен түбөлүктүүдөй жашап калды. Мен балдарымды ойлоп, турмушка деле чыкпадым. Бирок чынында тез-тез ооруп баштадым. Күйөөм эми гана бизге кайрылыша баштады. «Сени менен да жарашып, эки бүлөнү бирдей алып кетейин дейт. Бирок мен өткөн кыйналгандарымды, ыйлап өткөн жаштыгымды эстеп, ал менен жарашмак тургай өч алгым келет. Мен ушунча жыл стрессте жүрүп, эмнелерди гана көрбөдүм? Эми анын да кыйналышын, жанчылышын ойлойм... Балким бул өзүмчүлдүгүмбү?

Булак: Азия News гезити

Последние новости