www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин четиндеги "Ак-Ордо 3" жаңы конушунда үрөй учурган жол кырсык боюнча жүк ташуучу унаанын айдоочусу өз версиясын айтып берди.
"Мен жай эле айдап бара жаткам. Максималдуу ылдамдыкта саатына 30 километр болчу. Машина так алдыма бурулду, мүмкүн болушунча тормозду бастым", - дейт өзүн Чыңгыз деп тааныштырган жүк ташуучу унаанын айдоочусу.
Эске салсак, бүгүн, 19-июлда саат 07:50 чамасында Бишкектин четиндеги "Ак-Ордо 3" жаңы конушунда жүк ташуучу унаа жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан 169-маршруттук таксини артынан сүзүп кеткен. Бир адам каза болуп, 23 адам жаракат алган. Видеокөзөмөл камераларынан жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта баратканын көрсөткөн.
Булак: NazarNews.kg