www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусуповдун «Эмаком» курулуш компаниясынан үй алган миңдеген жарандар, учурда акчадан же үйдөн жок көчөдө калып, укуктары тебеленип, сыздап жүргөнүнө 3 жыл болуп баратат. 

Убалдан, көз жаштан коркпогон, бул депутатка мыйзам бузгандардын баарын камап, куйругун толгоп, эсине келтирип жаткан Ташиевдин дагы «тиши өтпөй» койду. Жабырлангандар кайрылуу кылып, акыйкаттык күтүп жатат, демейде дароо реакция жасоочу Ташиев эмнегедир үн катпайт. Эбак камала турган Жусуповду эмне мынча чалчаңдатышты? Карапайым калкка иштеген мыйзам эмнеге элди ушундай сыздаткан шылуундарга келгенде эле шал болуп, иштебей калат? 

Бул Жусупов деген «суу жукпас» Ош шаарына дагы эч кандай уруксаты жок мыйзамсыз үй салып, эч кандай коммуналдык (суу, свет, канализация) кызматтарын кошуп бербестен элге сатып, "кирип жашай берсеңер мэрия кошуп берет" деп элди алдап, мэрияга түйшүк жараткан көз боёмочулук кылганын Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов ачык айткан эле.

Мына, бүгүн сот - «Эмаком» курган Ош шаарындагы 12 кабат үйдү компания өз эсебинен буздурсун деген чечим чыгарды. Эми ал үйдү сатып алган элдин абалы эмне болот? Мындай элдин көз жашынан коркпогон, Кудайды тааныбай көпкөн Жусупов түрмөгө отурчу абалда эле. Эмнеге эркелетип жатышат, түшүнүп болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости