www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Россия Федерациясынын жараны З.Э. кайрылып, 20-апрелинде кафеден Д аттуу кыз жана укук коргоо органдарынын белгисиз кызматкерлери баңгизатын жабырлануучуга жашыруун таштап, андан соң белгисиз кызматкерлер аны үйүнүн жанынан кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн коркутуу жолу менен 315 миң сом акча каражатын алышканын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Д., М.А. аттуу кыздар мурда соттолгон жарандар У.А., Т.Н. жана милиция кызматкерлери менен биргеликте алдын ала сүйлөшүп алышып, баңгизаттарды таштоо жолу менен жарандардан опузалап акча талап кылуу схемасын уюштурушкан. Андан сырткары, алар аткара турган ролдорунда бөлүштүрүп алышкан.
26-июнда Т.Д., М.А., У.А., Т.Н., ошондой эле ИИМдин аймактык бөлүктөрүнүн милиция кызматкерлери, милициянын кенже лейтенанты Ж.И., милициянын улук лейтенанттары Ч.З. жана Б.Б. кармалышкан.
Учурда ИИМдин тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүшүп, күч түзүмдөрүнүн башка тиешеси бар кызматкерлерин такташууда.
Булак: NazarNews.kg