www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17 гектар сугат жер МИКтин үйлөрү үчүн берилди

Министрлер кабинети Бишкек шаарынын Октябрь районундагы аянты 17,05 гектар болгон жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына өткөрдү.

Токтомго ылайык, №544, №545 жана №552 контурлардагы сугат жерлери «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын мөөнөтсүз пайдалануусуна берилет.

Буга чейин УКМК бул аймактагы жер тилкелери мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгенин аныктап, алардын мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирген.

Аталган жерлер административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын курамына киргизилген.

Последние новости