www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын экономикасы 2026-жылдын биринчи алты айында туруктуу өсүү динамикасын көрсөттү.
Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.
Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөр боюнча январь-июнь айларында ички дүң продуктунун көлөмү 960 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 11,9% болду.
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында ИДПнын өсүү көрсөткүчү боюнча биринчи орунда турат.
Экономикалык өсүшкө негизги тармактардын салымы кошулду.
Тактап айтканда, курулуш тармагы 69,6%, өнөр жай 12,8%, тейлөө чөйрөсү 6%, айыл чарбасы 4,3% өстү.
Өнөр жай тармагында химиялык продукция өндүрүү 2,9 эсеге, фармацевтикалык продукция 1,8 эсеге көбөйгөн.
Ошондой эле транспорт каражаттарын өндүрүү 40,7%, курулуш материалдарын чыгаруу 33,4%, тамак-аш өндүрүшү 8,2% өскөн.
Мындан тышкары, негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 204,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64,3% көбөйгөн.
Мамлекеттик бюджеттин кирешеси январь-июнь айларында 454,2 млрд сомго жетип, план 105,3% аткарылды.
Салык кызматы 191,6 млрд сом, Бажы кызматы 87,3 млрд сом киреше камсыздады.
Адылбек Касымалиев жетишилген көрсөткүчтөрдү сактап, экономикалык өсүштүн жогорку темпин улантуу зарылдыгын белгиледи.