www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-июль — Бүткүл дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнүнө карата Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги вирустук B жана C гепатиттери узак убакыт бою эч кандай белгилери жок өтүшү мүмкүн экенин, бирок өз убагында диагноз коюлуп, дарыланбаса, боордун циррозуна жана рагына алып келерин эскертти.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы белгилегендей, вирустук B жана C гепатиттерине тест тапшыруу, B гепатитине каршы эмдөө, ошондой эле өнөкөт вирустук гепатит менен ооруган бейтаптарды дарылоо республикалык бюджеттин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.

Алсак, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 235 миңден ашык адам вирустук B гепатитине, 234 миңден ашыгы C гепатитине, ал эми 20 миңден ашыгы D гепатитине текшерүүдөн өткөн. Учурда вирустук B гепатити менен 6 миң 229 бейтап, B жана D гепатиттерин бирге жуктурган (коинфекция) 3 миң 244 бейтап, ошондой эле вирустук C гепатити менен 7 миң 541 бейтап дарылануудан өтүп жатат. Алардын ичинен 6 миң 573 адам дарыланууну ийгиликтүү аяктап, вирустан толук арылган (туруктуу вирусологиялык жоопко жетишкен).

Жыл башынан бери вирустук B гепатитине каршы эмдөөнүн алкагында вакцинанын 446 миң 319 биринчи дозасы, 358 миң 159 экинчи дозасы жана 250 миң 534 үчүнчү дозасы сайылды.

Мекеме ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнүнө карата он күндүк (декадник) өткөрүүдө. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда "ачык эшик" күндөрү уюштурулуп, жарандар акысыз текшерүүдөн өтүп, адистерден кеңеш алып, эмдөө статусун текшерип жана дарылоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат ала алышат.

Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте көчмө алдын алуу иш-чаралары жүрүп жатат. Тургундар вирустук B жана C гепатиттерине экспресс-тесттен акысыз өтө алышат, ал эми жыйынтыгы терс чыгып, каршы көрсөтмөлөр жок болсо, дароо B гепатитине каршы эмдөөдөн өтүүгө болот.

Министрлик ошондой эле 2024-жылдагы изилдөөнү эске салды. Кыргызстанда алгачкы ирет дээрлик 8 миң адамдын катышуусунда вирустук B, C жана D гепатиттери боюнча улуттук серопреваленттик изилдөө жүргүзүлгөн. Ал өнөкөт B гепатитинин жайылышы 3,3%, C гепатитиники — 1% экенин көрсөттү. Ал эми балдар арасында эмдөөнүн аркасында инфекция жуктуруу деңгээли 0,2% деңгээлинде төмөн бойдон калууда.

Последние новости