www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стар Хаген-Эскерра 15 жашында өзүнүн жакындары менен досторуна эч бир жыныска кошулбай тургандыгын айткан. Ал өзүнүн жынысы жок экендигин айтып, гендердик бөлүнүүнү четке каккан. Мындан улам,ошол убакыттан бери ал башкалардан өзүнө көпчүлүк түрдө кайрылып сүйлөөсүн суранган. Арадан эки жыл өтүп, эми Стар өзүнүн “көптүк” түрдөгү жынысын документтин негизинде бекитүүнү каалайт.
Калифорния аймагында Стар Сара Келли Кинен аттуу аял менен таанышат. Ал дагы өз кезегинде өзүнүн жынысын “аралаш” деп белгилеген. 55 жаштагы Сара үчүнчү жыныстын мыйзамдаштырылуусу үчүн күрөшкөн адам. Ал Старга ушул маселеге байланыштуу жардамдашууну чечкен. Натыйжада 17 жаштагы Стар өзүнүнүн каалаган максатына жетип расмий түрдө “жынысы жок” деген статуска ээ болгон.
Негизи АКШнын эч бир штаты эркек же аял дегенден башка жыныстарды кабыл албайт. Бирок, Калифорнияда азыркы учурда “үчүнчү” жыныс мыйзамдаштырылып жатат.
55 жаштагы Сара Келли АКШ тарыхындагы үчүнчү жыныс үчүн күрөшкөн адамдарлын үчүнчүсү. Ал төрөлгөн кезде анын жынысы “эркек” деп бекитилсе, бала бакчада кайра “аялга” өзгөргөн. Ал бой жетип келе жаткан убакта организминде көйгөйлөр жаралат. Ошол кезде дарыгерлер анын организминен эркектин да, аялдын да генин табышкан.
Булак: "chabarman.kg"