www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунда жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган кабар берген делип 17 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 25-январда болжол менен саат 17:34тө «102» кызматына «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөн.
Жерине милиция кызматкерлери барып, бирок жардыруучу зат табылган эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2007-жылы туулган М.А. кармалган. Аны ата-энесинин көзөмөлүндө калтыруу бөгөт чарасы тандалган.
Укук коргоо органдары билдиргендей, ал көчөдөгү бейтааныш адамдан телефон сурап, «102» кызматына чалып, бомба тууралуу жалган кабар берген.
Милиция жардыруу тууралуу жалган кабар бергендерге 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.