www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Москва шаарынан 17 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жигердүү аракетинин натыйжасында Россиянын ИИМдин кызматкерлери Кыргызстандын жаранын кармашты. Ал кылмыш жасагандан кийин, изин жашыруу үчүн 17 жыл мурда Россиянын аймагына кетип калган. 

2008-жылдын апрелинде шектүү түнкү маалда жергиликтүү жашоочунун үйүнө кирип оор кылмыш жасаган. 

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш жасаган 1972-жылы туулган З.А. аттуу жаранга карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

"Издөөдө жүргөн жаран кармалып, Москва шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Азыркы учурда экстрадиция маселеси чечилүүдө. 

Жогорудагы издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам маалыматынын негизинде такталган", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости