www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК депутат Айжигитовду мандатынан ажыратты

БШК бүгүн, 28-марттагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандатын алды.

Жыйында УКМКнын бөлүм башчысы Султанбай Айжигитовду талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты бербей, жашырып койгон деп эсептейт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров депутаттыкка талапкерди каттоону жокко чыгаруу боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн кайрылуусу себеп болгонун билдирди.

19-марттагы Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келип, кыргыз-тажик арасы боюнча маалымат берген.

«2017-жылы баланы уруп коюп, анан беренелер алмашып атып, мөөнөтү өттү деп сизди кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон турбайбы. Бирок ошол боюнча маалымкатты БШКга бербептирсиз. Мен карап чыктым. БШК эртең Айжигитовдун мандатын алып койсо, таң калбаңыздар»,- деген төрага.

Последние новости