www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атыраулук аял өзүнүн 17 жылдан бери жин менен жыныстык катнашта болуп келгенин айтып, коомчулуктун жакасын карматты. Эльмира Беккулова күйөөсүнөн ажыраштырып, уулун сыркоолоткон жаратылыш тууралуу “Пендемиз гой” телеберүүсүндө айтып, жан сыры менен бөлүшкөн. Бул тууралуу Нур.кз жазып чыккан.

Бул таң калтырган окуя 2003-жылы башталган.

“Алгачкы жолу 2003-жылы түш чакта балкондо уктап жатканда болду. Ошондон бери бат-бат кайталанып турат. Аны түшүмдө да көрөмүн. Көзү көк, чачы сары.

Кээде түн жарымында аны сеземин. Жолдошум менен кошулгандагыдай сезип, ойгонуп кетем. Ошол учурда аны менен “катнашта” болуп, чочуп ойгоном. Ушинтип жүрүп бир күнү жинден балалуу боломбу деген да ой келет.

Бираз убакыт мурда тишиме салдырган болчумун. Ал түшүмө кирип “Сен мени ууландырып жатасың. Мен сени коргогондон башка эмне жамандык кылдым” деди. Оозунан ак көбүк чыгып жатыптыр. Ушул окуядан бери коркуп жүрөм,”- деген айым күйөөсү бир канча жолу дарылатууга аракет жасап, натыйжа болбогон соң ажырашып кеткенин айтты.

Төрт баланын энеси болгон Эльмира ушул убакытка чейин 700 миңдей казак теңгесин эмделүүгө жумшаган. Бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Бул тууралуу руханий даарыгер, ислам таануучу Абдинайым Каракожоев: “Жиндер менен адамдар ортосунда “ашык болуу” деген нерсе бар. Эркек жиндер аялдардын жанына башка эркекти жакындатпай койгон окуялар кездешет.

Бул айым айтып жаткандай, түшүндө келет. Ошентип адам жинди ээрчип кетет. Мында окуялар көбүнчө мусулманча никесин кыйдырбагандарда болот,”- деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости