www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-19-август күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ чукул билдирүү таратты.
Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда да жаан-чачын болот.
18-августта күндүз жана 19-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын жүрүшүн, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйындатат. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 21…26;
Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 24…29;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 14…19 градус болот.
Бишкек шаарында нөшөрлөп жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот.
Булак: NazarNews.kg