www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-март, дем алыш күнү Жалал-Абад шаарында “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому жана Жалал-Абад  жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы утурумдук оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүзөт. “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун  “Жогорку чыңалуудагы жабдууларды пайдалануу”, “Релелик коргоо жана автоматика”, “Чагылгандан коргоо жана обочолонтуу” кызматтарынын адистери 35/6кВ “Астана” көмөк чордонунда утурумдук оңдоп-түзөө жумуштарын ишке ашырышат. Текшерүү учурунда табылган бузуктарды калыбына келтиришет. Ошондой эле  35 кВт “Жалал-Абад-Таш-Булак” аба чубалгысынын иштен чыккан изоляторлорун алмаштырышат. Бул тууралуу маалыматты “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди. 

Ал эми Жалал-Абад  жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы 110/35 -10 кВ “Таш-Булак” көмөк чордонундагы “Бекен”, “Жалал-Абад”, “Көк-Жаңгак” аба чубалгыларындагы трансформатордук токту алмаштырышат.

Мындан улам Жалал-Абад шаарындагы 49 көп кабаттуу үйлөрдө жана 8 көчөдө электр жарыгы болбойт.

Тизме: Манас, Маяковский, Шопоков, Кашкина, Шевченко, В.Андреева, Мотросов, Б. Осмонов көчөлөрүндө. Манас көчөсүндөгү № 38, 40, 42, 44, Маяковский көчөсүндөгү №56, Шопоков көчөсүндөгү № 27, 34, 36, 42, 44, 46, Кашкина көчөсүндөгү №1, 3, 6, 8, К.Республикасы көчөсүндөгү №108, 112, 114, 116, 118, 119, 120, 120а, 122, 137, 147, 149, 151, Шевченко № 3, 3а, 5, 7, Пушкин № 148а, В.Андреева № 4, 6, Мотросов № 7¸8, Тайгараев №19, Б. Осмонов № 105, 107, Т.Молдо №76а, 70, 72, 74, ВЛКС №15, 16, 17, 18, 19-көп кабаттуу үйлөрдө эрте мененки саат 09:00 баштап кечки 17:00го чейин электр жарыгы болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости