www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда диссидент акын Арон Атабек эркиндикке чыкты.

1-октябрда Павлодар шаардык №2 соту Арон Атабектин жазасын ден соолугуна байланыштуу жеңилдетүү жөнүндө өтүнүчтү карап, аны орундатты.

Расмий маалыматка караганда, дарыгерлер Арон Атабектин омурткалары жылышып, айыккыс илдетке чалдыкканын аныкташкан.

Сот аны бир жыл пробациялык көзөмөл орнотуу шарты менен бошотту.

Арон Атабек 2006-жылы Алматынын четиндеги Шанырак кыштагында болгон окуялар боюнча 18 жылга соттолгон. Ал полиция офицеринин өлүмүнө алып келген нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталган болчу. Атабек өзү күнөөсүн моюнга албай келет.

Өткөн жумада жергиликтүү укук коргоочулар 68 жаштагы Атабекке ырайым берүү өтүнүчү менен президенттик администрацияга петиция жөнөтүшкөн. Ага эки жарым миңге жакын киши кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости