www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл электр энергиясынын тарифи өзгөртүүсүз калтырылды. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Азиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 30-октябрда, министрлер кабинети тарифтик саясаттын планын бекитти. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жашаган калк үчүн 700 киловаттык чек алып салынганын белгиледи. Эми 77 тыйындык тариф менен гана пайдаланышат.

Бирок 2022-жылдын июнь айынан тарта тариф болжол менен 7-10 пайызга жогорулай турганын кошумчалады.

«Энергетика тармагынын жалпы карызы 129 миллиард сомдон ашат. Мындай жол менен кете берсек, энергетикалык секторду талкалап алабыз. Андыктан өзүн-өзү актай турган тарифти киргизүү каралды», — деди Аалиев.

Энергетика жана өнөр жай министри калк үчүн коюлган чектөө да 700дөн 1000 киловаттка көтөрүлгөнүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости