www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму билдиргендей, "Талибан" август айында Ооганстанга көзөмөл орноткондон бери "маалымат каражаттарын жана сөз эркиндигин кыйла чектеди".

Сентябрдын соңунда "Талибан" кыймылы ооган журналисттерине эрежелердин тизмесин бирген. Байкоочулар бул тизме цензурага жана куугунтуктоого жол берерин белгилеп жатышат.

"Талибан" кыймылы "ислам баалуулуктарын сыйлаган маалымат каражаттарынын ишине тоскоолдук жаратпоо тууралуу" убада бергенине карабастан, жаңы эрежелер өлкөдөгү медиа эркиндигин муунтуп жатат", - деп билдирди "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Азия боюнча жетекчи орун басары Патрисия Госсман.

19-сентябрда "Талибан" кыймылы "журналистиканын жаңы 11 эрежесин" жарыялаган. Ага ылайык, журналисттерге "исламга каршы келген", "улуттук ишмерлердин беделине шек келтирген" материалдарды чагылдырууга жана жарыялоого тыюу салынат.

Укук коргоочу уюмдар бул эрежелер журналисттерди куугунтуктоо үчүн колдонулушу мүмкүн деп эсептейт.

Журналисттердин кызыкчылыктарын коргоо менен алектенген топтун башчысы HRW уюмуна билдиргендей, талибдер Кабулду басып алгандан бери 32 журналистти камашкан.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму апрелде жарыялаган баяндамага ылайык, Ооганстандын басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 180 мамлекеттин арасынан 122-орунга ээ болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости