www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, президент Садыр Жапаровго "Өткөндөн сабак албаган — өтмүшкө кайра кабылат. Кимдин колдоосу, ишеничи, үмүтү, өлүм-өмүрү менен келгениңизди унутканыңызга кейип турам" деген пикирин айтып, төмөнкүдөй оюн билдирди. 

--Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сиздин бийликке келгениңизге толук 1 жыл болду. Сиздин айткандарыңыз дайыма кулак алдында жаңырып турат: «Мага 2 ай гана убакыт жетиштүү. Мен саясий куугунтук кылбайм, 30 жылдан бери келе жаткан эскилерден тазалайм, алардын катасын кайталабайм. Итиңер алтын аяктан суу ичип калат» - дедиңиз эле. Биз ишенгенбиз! Биз үмүт артканбыз! Элдин, биздин катабыз мына ушунда.

Арадан бир жыл өттү. Теңирден тескери кетти. Мамлекет жаңылбай Сокенин көчүн улап жарга жетти. Дүйнөлүк жана биздин көрүнүктүү стратег, экономисттер, саясатчылар Кыргызстандын экономикалык-саясий абалы тууралуу коментарий бергенден да чочулап калышты. Абал чатак.

Адвокат Замир Жоошевдин Атамбаев, Батукаев боюнча жазган билдирүүсүн окуп, сиздин келечегиңизди элес алдым. Асмандан алынган «Батукаев» иши — сиздин Орхан Инанды, Бишкекте жүргөн Алексей Ширшов да. Атамбаевге күн бүркөлсө эле кылмыш ишин козгой берип анын кадыр-баркын, колдоочуларын күн, саат санап көбөйтүп жатасыңар (реабилитация). Бул кетиште, түрмөдө отуруп чыгуу керек деген салтка айланган эреже боюнча кийинки президент Атамбаев болгону калды.

Өткөндөн сабак албаган — өтмүшкө кайра кабылат. Кимдин колдоосу, ишеничи, үмүтү, өлүм-өмүрү менен келгениңизди унутканыңызга кейип турам.

Убадаларыңыз боюнча унчуккум да келбейт. Октябрда акыйкатсыз бийликти кулаткандар Баатыр болбой, тескерисинче камалып, кордолуп жатканы акыйкатсыздыктын жеткен чеги да. Көктөн түшкөн жоксуз, мына ошол балдардын каны, жаны менен келгенсиз. Жок дегенде убада кылган Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир тапшырып, жарадарларга наам, жөлөк пул, макам берип, аларды аттырган Сооронбай Жээнбеков, Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев деген кылмышкерлерди жоопко тартуу колуңуздан келмек. Эмне азгырып турат, кандай сыйкыр, түшүнбөйм...

Жаныңыздагылар мага окшоп эл аралап, ырыңызда айткандай чыныгы элдин турмушу, көйгөйү, базар баасы, ый-санаасы, деги койчу болгон чындыкты айтмак беле?!

Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,

Көрөйүн дейт жандагандар көнүшпөйт.

Жолду көрбөй жок болушат акыры,

Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт. - дейт Мискенбаев.

Эске сала кетсек, Мээрбек Мискенбаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен ЖК депутат болуп келген. Андан соң Кой-Ташта Атамбаевди колдоп жүрүп, эркиндиктен айрылып, камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости