www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сиз добушуңузду саткан соң, четте туруп депутаттардын ишине сын айтып, «элиталарга» нааразы болгондон майнап жок. Мындай пикирин Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Мамлекетибиздин абалы начар», «экономикада кризис», «улуттук идеология жок» деп нааразы болуп келебиз. А бирок чындыгында кризис эмнеде экенин билесизби?

Кризис - кадрдык саясатта. Элибиз билимдүү, абийирдүү, тажрыйбалуу, чыныгы кесипкөй адистерге суусап турат. Мындай кадрлар бизде жок эмес, бар. Бирок аларга элине кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берилбей келет.

Адатта шайлоо алдында - капчыктуулардын утурумдук убадаларынан сырткары, добуш сатып алуу өнөкөтүнүн күүсүнө толкуйбуз да, бир заматта кайра дымый түшөбүз. Баягы убадалардын бири жок. Элде кайрадан нааразычылык, «байларга шайланарда эле керек» турбайбызбы деп күбүр-шыбыр болуп калып кетебиз. А бирок добуш берерде алган 2000 сом ушуга арзыйбы? Элдин эсебинен байыган эрендердин эки миң сому жашооңузду өзгөртө алдыбы?

Кадырман достор, сатып алган буюмун ар бир адам каалаганча пайдаланат. Сиз добушуңузду саткан соң, четте туруп депутаттардын ишине сын айтып, «элиталарга» нааразы болгондон майнап жок. Бардыгы кеч болуп калат!

Ошол эле учурда, өз добушун сатып жаткан адамдар келечек муундардын алдында туура эмес тандоо кылган жана аларды жаркын келечектен ажыраткан чыккынчылар экенин түшүнүңүз.

Эгерде биз жарандык аң-сезим менен иштей турган, тың, таза, кесипкой, жалпы калайыктын камын көрө турган мекенчилдерге добуш бергенибизде өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолуна түшөт эле», - деп белгилеген Бешимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости