www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жакынкы эле күндөрү Жогорку Кеңеште зер буюмдары боюнча маселе көтөрүлдү. Кыргызстанга Түркиядан жыл сайын 1,5 тонна алтын зер буюмдары импорттолору, ошондой эле 3 тоннанын айланасында күмүш зер буюмдары алып келинери айтылды. Ал эми Кыргызстандын өзүндө жылына 47 кг. алтын, 100 кг. күмүш зер буюмдар гана жасалып сатылат экен. Сиздин зер буюмдарын өндүрүү боюнча жакшы максаттарыңыз бар эле...

- Азыр өкмөткө жаңы мыйзам долбоор дайындап, Кыргызстандагы алтынды, зер буюмдарды кыргыз компаниялары иштетүү боюнча пландарды ишке ашырууга мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Эгерде ошол ойлогон максатыбызга жетсек, 20-30 миңдей иш орундарын түзөбүз.

- Ишти алып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр барбы?

- Албетте, жетет. Адистер бар. Ишти билебиз.

- Коомдук транспорттордо жүргөнүңүз да ар кандай пикирлерди жаратты. Кандай жаңы идеялар келди?

Маршруткаларда, троллейбустарда жүрдүм. Албетте, борбор калаабызда троллейбустарды көбөйтүп, бусиктерди азайтышыбыз керек. Бусиктер ынгайсыз. Экологияны бузат. Андан тышкары баасы кымбат.

Эмне үчүн муниципалдык транспорт ушундай акыбалда? Акча менен төлөгөндө коррупция көп болот. Ошондуктан электрондук системаны тез арада ишке ашыруу зарыл. Ошондо транспорттордогу коррупция азаят.

Троллейбустардын санын көбөйтсөк, экологиялык жактан тазалыкты тартуулайт, арзан жана эң негизгиси, шаардыктар үчүн ыңгайлуу.

Электрондук билеттерди киргизбесек, айдоочулар жүргүнчүлөрдү тейлеп, ошол эле учурда төлөмдү да кабыл алышат. Бул нерсе жүргүнчү үчүн коркунуч болуп саналат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости