www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз тили менен мамлекеттик тилдин окутулушунда эч бир айырмачылык жок. Мындай пикирин Бексултан Имашов аттуу Facebook колдонуучусу жазып чыкты.

«Абалтан мындай сөз келет,

Алгачкы нерсе сөз делет!

Салмактуу чыккан сөз болсо,

Шайтан да чочуп сезгенет!

Андыктан мунара куруп сөз менен,

Муунга сунгун сөз белек!

Устаттар айткан улуу сөз кыт болуп уюп жүрөк түпкүрүндө жашап келет! Албетте жер каймактаган доордон бери келе жаткан сөз, тил арабасын чакан топтун тартып кетиши азыркы доорго ылайык келбейт! «Заман бузулду», - деп ураан чакырып төш какканыбыз да жарабас иш! Заман бул агым. А агымда кимдер агып бара жатат? Албетте жүрөгүндө күкүрттүн жалынычалык оту жок, журтта калгыр кургурлар кетип бара жатабыз! Тилин барктай албас мындай агымга кандай каргыш айтса да жарашып турат! Эмесе сөз башынан болсун....

Адам адам болуп калыптангандан тартып, башка жандуудан алгач акылы жана тили менен айырмаланып келет эмеспи! Бирок өкүндүргөнү.... Ошол адам дегенибиз тилин чанып, дилин тебелеп айбандан төмөн деңгээлге түшүп олтурат! Алмустактан бери тил үчүн улуттук намыс, абийир үчүн нечендеген ата бабалар кан төгүп, жонуна жору конуп сөөгү коюлбай, кээси кумдуу чөлдө, кээси бороондуу ашууда калды! Нечендеген азап-тозок менен эгемен күнгө жеткен тилибиздин тарыхын, санжырасын саймедиреп айтып турчу күн төбөбүзгө келгенде, ача буттуу, жумуру баштуу урпактар уйчасынан эмес төөчөсүнөн кетип жатканы жан дүйнөмдү шиш менен сайып шишкебек кылып жиберет...!

Айла канча башка түшсө, байтал да болсо жорго болот тура! Жалгыз таруу ботко болбогон сыңары, жакшы иш кылууга далалат уруп, алдан келгенин жасап, алдан келбегенине алакан жайганыбыз жайган...! 

Кең көчөдө бара жатсам шаттана,

Сөз угамын «Виски», -  деген дапдаана.

Абай салып, артты көздөй карасам,

Кыргыз кызы сүйлөп жатат мактана!

Анан кантип абийириң астын-үстүн болбойт? Аттиң, кайран тилим. Тогуз толгооң бир келип, алмадай башыңа алтымыш санаа жаап жатканы жаткан.... Сенин абалыңды Көбөш кулга чаптырып,

Эр Манастан айрылып, канатынан кайрылып, кабырга сөөгү сөгүлүп, көзүнөн жашы төгүлүп качкын катын атыккан Каныкей энемдин абалына салыштырып олтурам!  Арга канча? Сабыр кыл!

Ушул жагдайдан ушул кырдаалдан сууруп чыгуу үчүн, сөзсүз эле улут үчүн, улуттун улуугу үчүн курман болгон Жусуп, Касым, Зыяштын тирилип келүүсү керекпи? Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз баласы, тилдин тагдыры бычак мизинде турат! Тилибиз оң жакка кетсең өзүң өлөсүң, сол жакка кетсең атың өлөт деген жомоктогу үч кошконго келип кайсалап жол таба албай турган учурда тилибиздин жолуна шам бололу!

Жаманын айтып нетебиз?

Кай муратка жетебиз?

Студент кезимде Талас шаарында студенттерге арналган мыкты иш чара болуп өттү... Кыргыз тилинин өнүгүшүнүн күңгөй тескей маселелери боюнча азыр оолак талкуу болду. Филология илимдеринин доктору Сүйүнбек аксакал мындай деген оюн айтты эле. Мүмкүн карынын сөзү, караңгынын көзү болот эмеспи...

- Учурда, кыргыз коомчулугуна кыргыз тилин эки багытта окутуунун зарылчылыгы бар. Биринчиси, кыргыз тилин кыргыз элинин эне тили катары окутуу зарыл болсо, экинчиси, кыргыз тилин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары үйрөтүү.

Албетте, кыргыз тилинин илимий-практикалык жыйындарын өткөрүп, аны эл ичинде жайылтуу, башка элдерге кыргыз тилинин артыкчылыгын үйрөтүү бул өзүнчө маселе. Бул, кыргыз тилчилеринин, адабиятчыларынын, тарыхчыларынын жалпы эле гуманитардык багыттагы интеллигенциянын жана кыргызды улут катары барктап, ошону аздектеп келе жаткан элдин максаты, жоопкерчилиги.

Экинчи маселе болсо, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу. Бул негизинен мамлекеттик документтерди кыргыз тилинде иштетүү, мамлекеттик иш-кагаздарын кыргыз тилинин мүмкүнчүлүктөрү менен башка элге жеткирүү деген сөз. Ошондуктан, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам интерпретацияга муктаж. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары колдонулушу дегеним бул, ошол кызматта иштеп жаткан, кыргыз эли менен, күндөлүк чыгып турган иш-кагаздар менен иштей турган адамдар кыргыз тилинин мамлекеттик деңгээлде колдонуло турган сөздөрүн, терминдерин, сөз айкаштарын, сүйлөмдөрүн билүүсү, үйрөнүүсү керек.

Маселен Кыргыз Республикасынын жараны, бирок кыргыз болбосо дагы, кыргыз элинин алдына чыгып сүйлөөсү үчүн өзүнүн кесибине тийиштүү сөздөрдү тандап, сүйлөй ала тургандай болуусу керек. Эгерде, юридикалык тармактын өкүлү болсо, ошол сот-прокуратуранын тилин үйрөтүшүбүз керек, же болбосо, финансы темасында элге кайрылуу кыла турган болсо, анда ошо эсеп-чотко тиешелүү терминдерди билүүсү зарыл. Ал эми, маданият тармагындагы кызматкер болсо, анда кыргыз маданиятынын «Манас» баш болгон жетишкендиктерин башка элге түшүндүрүп бере тургандай тийиштүү сөз, сөз айкаштарын, фразеологизмдерди билүүсү шарт.

Мына, эгерде кыргыз тилин мамлекеттик тил катары ушундай тартипте окутсак, кыргыз тили кандайдыр бир жагымдуу кабыл алынаар эле. Аны мамлекеттик тил катары окутканда экинчи жактын кыргыз тилине болгон сүйүү сезимин дагы кошо козгошубуз керек. Ошондуктан, менин жеке оюмда, бизге мамлекеттик тил жөнүндө өзүнчө бир идеология керек. Ошол мамлекеттик тилди окутуунун маселелери боюнча кеңири түшүндүрүп бере ала турган, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу үчүн атайын кандайдыр бир багыт берген программалар иштелип чыгуусу учурдун талабы.

Мамлекеттик тил дегенден кийин, ошол тилди кызмат даражасында, бийлик даражасында, эл аралык даражада жана элдердин ортосундагы мамиле маселесинде колдоно турган атайын терминдер, сөз айкаштары, сүйлөмдөрдү үйрөтүү зарыл. Мына, ушуларды эске алып, ошонун негизинде окутуу керек.

Учурда болсо, кыргыз тили менен мамлекеттик тилдин окутулушунда эч бир айырмачылык жок. Бирок, мен жогоруда айтып кеткендей экөөнү окутууда айырмачылыктар болуусу керек деп айтаар элем», - деп жыйынтаган Имашов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости