www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айданбек Акматов: «Мамлекет коркунучта...»

Фролов жана Самат Ибраев деген депутат Улуттук бактын башчысы Толкунбек Абдыгуловго чабуул жасап, соңунда ал кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Мындай пикирин саясат таануучу Айданбек Акматов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Депутат Самат Ибраев Кыргызстанга Владимир Фролов деген шектүү орус жаранын чакырып келген экен. Ал өткөн жылдын декабрынан бери Кыргызстанда кеңеш берип жүрүптүр. Өлкөнүн пенсиялык системасын, салык системасын, жалпы эле финансы системасын, экономикасын реформалоо боюнча концепцияларды жазып, өкмөткө чейин киргизиптир...

Фроловдун республика ичинде мындай ишенимдүү жүрүштөрүнө караганда, ал жашыруун түрдө Садыр Жапаров менен да далай жолугушуп, андан толук колдоо алгандай.

Өзүнүн билими жок, өлкөнү кандай өнүктүрүүнү билбеген, финансы-экономика жөнүндө түшүнүгү жок адам Фролов сыяктуулардын сөзүнө кирип, жомокторуна ишенип, мамлекеттин финансылык, пенсиялык системасын талоонго алдырып, сызга отургузушу толук мүмкүн. Бул бир жагы. Экинчи жагынан алар башынан эле биригип алып, мамлекетти алдап кетиши ыктымал.

Мына ушундай коркунуч бар экенин Фроловдун ким экенин, эмне менен алек болуп келгенин бир аз иликтегенден кийин билесиз:

Фролов «блокчейин» технологиясы менен алектенет экен. Бул эч нерсе менен бекемделбеген санариптик акча айлантуу. Бул системанын артында реалдуу эч нерсе жок болгондуктан Кытай бийлиги ага жакында эле тыю салды. Башка мамлекеттерде да блокчейинге жол берилген эмес.

Фролов Кыргызстандын алтынына кызыгып калыптыр. Ошол эле учурда билими жана маалыматы абдан эле шек туудурат. Бирок апыртмалык жагынан алдына киши салчудай эмес. Акүйдүн анабашылары менен бул жагынан кесиптеш жана издешпей табышкандай. Фроловдун бир апыртмасына көз салып коюңуз:

Фролов 2016-жылы радио «Свободага» интервью берип жатып, Россия жакында «кыйрап калат» деген:

- «2016-й Россия проползет на коленях. Жизнь будет хуже, но не принципиально хуже. В 2017-м резервные деньги у страны закончатся. Дыры штопать будет уже нечем».

Фроловдун тилеги таш каап, Россия кыйрап калбай, тескерисинче резервдик акчасын көбөйткөндөн көбөйтүп келатат. Эгерде Фролов кыйрап калат деген 2016-жылы Россиянын резерви 368 млрд. доллар болсо, андан бери өсүп отуруп, быйылкы жылдын 24-сентябрына карай 618 млрд. долларга жеткен.

Фролов интервьюсунда орус жарандарын доллар сатып алууга үндөгөн. Муну Россия эли дүрбөлөңгө түшсүн деген карасанатай диверсия десек да болот.

Фролов Кыргызстан алтын кору боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда деп апыртыптыр. Муну ал кайдан алган? Кимдир бирөөлөрдүн кулагына «тебиш» үчүн апырта салгандай.

Фролов суу ресурстары, туризм, энергетика, санариптештирүү сыяктуу баарынын оозунда турган, бирок аткаруу жөнөкөй болбогон нерселерди абдан урдуруптур...

Мына ушул шектүү апыртма адам Кыргызстанга келиш себеби бирөө эле. «Киргилт сууда балык кармоо» же Кыргызстандын билимсиз, сабатсыз бийлиги менен кыргыз алтынына, Кумтөр алтынына, пенсиялык фондундагы акчаларына жетүү...

Фролов жана Самат Ибраев деген депутат Улуттук бактын башчысы Толкунбек Абдыгуловго чабуул жасап, соңунда ал кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Ибраев жана Фролов жогору жактан абдан бекем колдоо алгандай. Ошон үчүн алардын ар кандай авантюраларына каршы турган Абдыгулов кызматынан бошотулуп, анын ордуна мурда кылмыш иши бар адам Улуттук банктын башына келип калды.

Кыргызстандын валюталык резерви, алтын кору, пенсиялык системасы кандайдыр бир авантюра жана аферанын курмандыгына айлануу коркунучу пайда болду...», - деп белгилеген Акматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости