www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 Жарлыгынын негизинде билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу ишке ашырылды. Жалпысынан билим берүү системасында 183 977 штаттык бирдик каралган.

Анын ичинде мектепке чейинки, мектептик, башталгыч жана орто кесиптик, ошондой эле мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын, окуу-методикалык түзүмдөрдүн жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу институттарынын кызматкерлери камтылды.

Педагогдор менен катар эле техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин да эмгек акысы жогорулатылды. Бул чара билим берүү уюмдарынын туруктуу иштешин камсыз кылган бардык кызматкерлерди колдоого алуу жана алардын социалдык корголушун күчөтүүгө багытталган.

 

Последние новости