www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-кылымда төрөлгөн акыркы адам каза болду

Дүйнөнүн эң улгайган жашоочусу Хосе Паулино Гомес бир нече күн мурун Бразилиядагы туулган айылында 127 жашында каза болду. Ал 19-кылымда, тагыраак айтканда, 1895-жылы 4-августта төрөлгөн.

Аталган адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоголуп кеткен. Бирок Педра Бонита муниципалитетинин ЗАГСынын архивинде 1917-жылы Гоместин нике күбөлүгүнүн экинчи нускасы табылган. Документте ал киши 22 жашында үйлөнгөнү жазылган. Бразилиялык эң улгайган жарандын артында жети баласы, 25 небереси, 42 чөбөрөсү жана 11 кыбырасы калды.

Балдарынын айтымында, Гомес бала кезинен мал чарбачылыгы менен алектенип, төрт жыл мурун эле ат минүүнү токтоткон. Ал дайыма ачык абада убакыт өткөргөн жана пайдалуу тамактарды, анын ичинде үйдө жасалган жашылча-жемиштерди жеген. Мындан тышкары, ал дайыма өзүнүн ийкемдүүлүгүн жана активдүүлүгүн сактап келген.

Ал киши өмүрүнүн акыркы айында гана төшөккө жатып калган. Анын өлүмүнө бир нече органдарынын иштебей калышы себеп болгон.

Гомес Гиннестин рекорддор китебине киреби же жокпу азырынча белгисиз. Азырынча узак жашоонун абсолюттук максимуму 1997-жылы 122 жашында каза болгон француз айымы Жанна Луиза Калмент болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости