www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санарип өнүктүрүү министрлиги январь-июнь айларына карата жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, быйыл өткөн жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу төрөлгөн балдардын саны 5 807ге азайган. Ал эми үй-бүлөдө дээрлик ар бир төртүнчү жубай эки ача жолго түшкөнү көрсөтүлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айына карата маалымат, кашаанын ичинде 2022-жылдын ушул мезгили көрсөтүлгөн:
- Жаңы төрөлгөн ымыркайлар — 66 212 (72 019);
- Каза болгондор — 15 087 (16 432);
- Нике күбөлүгүн алган жубайлар — 19 347 (22 034);
- Ажырашкан жубайлар — 5 814 (6 067);
- ID паспорт алгандар — 300 628 (263 922)
- Жалпы жарандык паспорт алгандар — 274 168 (257 613)
- Аты-жөнүн өзгөрткөндөр — 8 570 (10 606).
Булак: NazarNews.kg