www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата эртең 19-сентябрда Кыргызстан боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу  «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова маалымат жыйынында билдирди.

Ишембилик эртең мененки саат 09:00дөн 12:00гө чейин уланат.

Дүйнө жүзү боюнча өтө турчу тазалык акциясына 180 өлкө катышат. Кыргызстан бул иш-чарага 3 жылдан бери катышууда.

2019-жылы жалпы ишембиликке 624 миң адам катышкан. Быйыл пандемияга байланыштуу 50 миң киши катышары күтүлүүдө. Тазалоо иштери санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Топтолгон таштандылар 3 түргө бөлүп, чогултулат.

Уюштуруучулар «Тазалык» акциясына бардык жарандарды чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости