www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 19-сентябрда жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды ишембиликке активдүү катышууга чакырды.
Министрликтин маалыматына караганда, ишембиликтин максаты — айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо, аймактарды көрктөндүрүү жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу.
Ишембиликке жарандар, ишкерлер, өндүрүш ишканаларынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык органдар, коомдук уюмдар, жаштар жана бардык кайдыгер эмес жарандар катыша алат.
Министрлик тазалык бир күндүк иш эмес экенин белгилеп, айлана-чөйрөнү таза кармоо ар бир жарандын жалпы жоопкерчилиги экенин эскертти.
19-сентябрь — жалпы республикалык ишембилик.