www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы малды багуудан тартып базарга чыгарууга чейинки чыгымдарды талдап чыгып, эттин баасын турукташтыруу максатында айрым түрлөрүнө белгиленген бааларды бекитти.

Бишкек шаарында сөөксүз уй этинин баасы 870 сом, сөөктүү уй этинин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом деп белгиленди.

Кой этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сомду түзөт.

Чүй облусунда сөөксүз уй эти 850 сом, сөөктүү уй этинин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, ал эми кой этинин дүң баасы 800 сом, чекене баасы 880 сом болуп белгиленди.

Нарын облусунда сөөксүз уй этинин баасы 840 сом, сөөктүү уй этинин дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом.

Кой этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 840 сомду түзөт.

Ысык-Көл облусунда сөөксүз уй эти 870 сом, сөөктүү уй этинин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, кой этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 840 сом деп көрсөтүлдү.

Талас облусунда сөөксүз уй этинин баасы 850 сом, сөөктүү уй этинин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом.

Кой этинин дүң баасы 800 сом, чекене баасы 840 сомду түзөт.

Ош облусунда сөөксүз уй эти 870 сом, сөөктүү уй этинин дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом, кой этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сом болуп белгиленди.

Жалал-Абад облусунда сөөксүз уй этинин баасы 870 сом, сөөктүү уй этинин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, кой этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сомду түзөт.

Ал эми Баткен облусунда сөөксүз уй этинин баасы 880 сом, сөөктүү уй этинин дүң баасы 705 сом, чекене баасы 775 сом.

Кой этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 850 сом деп белгиленди.

Мындан тышкары, курамында 80 пайыз эт жана 20 пайыз май бар А категориядагы, ошондой эле 60 пайыз эт жана 40 пайыз май камтылган В категориядагы фарш үчүн да баалар белгиленгени маалымдалды.

Последние новости