www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин Абытжанович Бакиров Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директору болуп дайындалды.

Жаңы жетекчини департаменттин жамаатына министрдин орун басары Асылбек Сатыбалдиев тааныштырды.

Эркин Бакиров 1982-жылдын 9-мартында Талас облусунун Манас районундагы Манас айылында туулган. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Юриспруденция» жана «Каржы жана кредит» адистиктери боюнча билим алган.

Ал буга чейин бир катар жооптуу мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Последние новости