www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында облустагы ички иштер органдарынын 2026-жылдын сегиз айындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме өттү.

Жыйынга Чүй ОИИББнын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов, анын орун басарлары, башкармалык жана кызмат жетекчилери, ошондой эле шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Кеңешмеде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу, анын ичинде мурдагы жылдары жасалып, ачылбай калган кылмыштарды иликтөө, тергөө иштеринин уюштурулушу жана убактылуу кармоочу жайлардын ишмердүүлүгү талкууланды.

Мындан тышкары, Чүй ОИИББнын материалдык-техникалык базасынын абалы жана «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында видеокөзөмөл камераларын орнотуу жана техникалык тейлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.

Каныбек Абдырахманов жетишилген жыйынтыктарга жана орун алган кемчиликтерге токтолуп, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу мектептерде окуучулар арасындагы укук бузуулар менен кылмыштардын алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырылды.

Жыйынтыгында 2026-жылдын калган мезгилиндеги артыкчылыктуу багыттар аныкталып, укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Последние новости