www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Фарид Талышлы менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү. Анда, өлкөнүн түзүмдүк реформаларын алдыга жылдырууда жана жалпы эле өлкө экономикасын өнүктүрүүдө колдоп келген ЭВФтин салымы белгиленип, мындан аркы өз ара кызматташуунун келечеги талкууланды. 

Акыркы жылдарда ишке ашырылган масштабдуу түзүмдүк реформалар эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан белгиленип, алар ишкердик активдүүлүктү турукташтырууга, стратегиялык тармактарды колдоого, инфраструктураны модернизациялоого жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган. 

Жалпы 30 жылдан ашуун убакыттан бери ЭВФ маанилүү делген 12 программаны Кыргызстанда ишке ашырып, алар экономиканы колдоодо, жакырчылыкты кыскартууда, ошондой эле туруктуу жана инклюзивдик экономикалык өсүштү алга жылдырууда маанилүү роль ойногон.

Белгилей кетсек, орточо алганда акыркы үч жылда өлкө экономикасынын өсүү темпи 9,0%ды түздү. Жогорку экономикалык жигердүүлүк – экономиканы модернизациялоого, инвестициялык климатты жана атаандаштык чөйрөнү жакшыртууга, мамлекеттик башкарууда реформаларды ишке ашырууга багытталган натыйжалуу мамлекеттик чараларга негизделген.

Последние новости