www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 18-январда өлкө аймагындагы курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Ош региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ош облусунун аймагындагы көп кабаттуу турак жайлардын жана башка курулуш объектилери текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда курулуш материалдарын колдонууда жана сактоодо белгиленген эрежелердин бузулгандыгы аныкталды. Мындан улам аталган объектте курулуш иштерин жүргүзгөн “Зеромакс” ЖЧКсына жазуу түрүндө эскертүү берилип, айып салынды.
Иш-чаранын негизги максаты - курулуш тармагында мыйзамдуулукту, коопсуздукту жана сапатты камсыз кылуу, адамдардын өмүрү үчүн коркунуч жараткан жагдайларды алдын алуу. Ошондой эле мыйзамсыз жүргүзүлгөн курулуштарга жол бербөө болуп саналат.



