www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Бишкектеги "Путь в жизнь" реабилитациялык борборунун мыйзамсыз иштөө фактыларын аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Путь в жизнь» реабилитациялык борбор ар кандай көз карандылык менен жабыркаган бейтаптарды реабилитациялоого расмий түрдө адистешкен жеке медициналык жана психиатриялык мекеме катары иштеп жүргөнү такталган. Деген менен, аталган мекеме өз ишмердүүлүгүн КРнын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жүргүзүп келген.

Тактап айтканда, мурда көз карандылык менен жабыркаган, жогорку медициналык билими жок, реабилитациялык борбордун кызматкерлери борбордун жетекчилигинин көрсөтмөлөрү боюнча жасалма психиатриялык процедураларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Ошондой эле, бейтаптардын психологиялык абалы өтө оор "срыва" болуп жаткан учурда, аларды тынчтандыруу үчүн адамгерчиликсиз ыкмаларды колдонуп, атайын даярдалган каражаттар (бут-колдор үчүн бекиткичтери бар керебет, дубинка ж.б. кыйноочу аспаптардын түрлөрү, электр шокер, оозун жабуучу каражаттар жана башка буюмдар) менен физикалык күч колдонуп, бейтаптарга орду толгус физикалык жана психологиялык травма алып келишкен.

Жазанын кошумча чаралары катары баш ийбеген бейтаптарды "изолятордук" бөлмөлөргө жайгаштырып (караңгылатылган терезелер, тосмолору бар), тышкы дүйнө менен байланышын чектеп, памперс кийгизип, даараткананы жана жеке гигиена каражаттарын 7-8 сутка бою колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышкан.

Белгилей кетсек, борбордун бизнес ишмердүүлүгү анын ээлерине олуттуу каржылык киреше алып келген, анткени бир бейтап үчүн ай сайын төлөнүүчү төлөм 80 000 сомду түзгөн. Ошол эле учурда, бейтаптардын реабилитациялык чыгымдарын төлөгөн туугандары жана достору борбордо колдонулган чыныгы дарылоо ыкмалары жөнүндө маалыматы болгон эмес.

Ошондой эле, жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын алкагында реабилитациялык борбордо бейтаптарды аларда бар венерикалык жана жугуштуу ооруларына (ВИЧ, кургак учук, грибок оорулары, паразиттер, сифилис, герпес, гепатит) жараша бөлүү принциптери сакталбагандыгы аныкталган. Бул оорулар контакттык жана аба-тамчы жолу аркылуу жугушу мүмкүн болгонуна карабастан, бардык бейтаптар жалпы шартта жайгаштырылып, аталган оорулардын алып жүрүүчүлөрү менен түздөн-түз байланыштан сактанууга мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Аны менен катар, кошумча маалыматтарды жана башка тиешеси бар тараптарды аныктоо учурунда, кызмат адамдарынын (медициналык кызматкерлердин) материалдык пайданы мыйзамсыз алуу схемасына катышкандыгын көрсөткөн материалдык далилдер да алынган. 

Мындан улам, жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгында жана КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык, төмөнкү адамдар: И.Р.К., М.Дж.Н., Е.А.В., М.И.М., М.В.А., Т.Ч.А., К.К.И. жана Х.С.В. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдүү иш-чаралар уланууда.

Последние новости