www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда бир үйдө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Аяжан Эдилованын аталаш агасы окуянын чоо-жайын “Sputnik Казакстан” басылмасына айтып берди.

“Шектүү денесин кылдаттык жана акырындык менен бөлүктөргө бөлгөн. Ал Аяжанды адегенде өлтүрүп, андан соң денесин бөлүп салганын айтты. Полиция түшүргөн сүрөттү көргөндө эсибиз чыгып калды… Ар бир тишин кагып, тырмагын кесип алган. Анын баары пакеттин ичинде жатканын көрдүк. Маньяк анын башын кесип алып, кайнаткан. Баш сөөгү гана калган”, – деген кыздын агасы Алмат Муликов.

Анын айтымында, учурда экспертиза жүрүп, дене бөлүктөрү чогултулуп жатат.  Ал эми дене-мүчөлөрү толук болбогондуктан экспертиза беш күнгө созулган.

Каза болгон кыздын жакындары анын шектүү менен атайын сайт аркылуу таанышпагандыгына толук ишенишет.

“Ал жеңил ойлуу кыз эмес. Анын үч айдан бери сүйлөшүп жүргөн жигити бар. Ал жигит биринчи болуп коңгуроо кагып, аны издеген. Жолугушууга ал жумуш менен баргандыгына ишенебиз, ал жолугушууга барбайт болчу, кылмышка шектүү фармацевт экенин билебиз. Биз аны полиция кызматкерлери тарабынан кармалганда көргөнбүз. Ошол учурда ал өзүнө өзү жаракат келтирген. Кармоо учурунда полиция кызматкерлери аны шылдыңдашкан деген да маалыматтар бар”, – дешкен каза болгон кыздын жакындары.

Белгилей кетсек, буга чейин Алматы полиция башкармалыгы кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Түркстан облусунун тургуну экендигин билдирген. Кылмыш кодексинин 99-беренесинин экинчи бөлүгү (“Адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, 22-мартта социалдык тармактарда кыздын жоголгону тууралуу билдирүү пайда болгон. Туугандарынын айтымында, 2001-жылы туулган Аяжан Эдилова 19-мартта саат 20:43тө жумуштан чыгып, үйүнө кайтып келген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости