www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул суу сактагычында суу азайгандыктан, адам сөөктөрү жээкке чыгып калууда. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочу Канат Абдыкеримов билдирип, маалыматты Токтогул районунун акиминин биринчи орун басары Нурболот Кожобергенов тастыктады.

Анын айтымында, суу жээгине чыгып калган адам сөөктөрү 29-март күнү терилип, кан чыгарылып, көмүлөт. Учурда райондук администрация тарабынан жергиликтүү мекеме, ишкана өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Кожобергенов белгилегендей, жергиликтүү тургундар сөөк жыйноого жардам берет. Жергиликтүү жашоочулар адамдардын сөөктөрү Токтогул суу сактагычынын Үч-Терек жана Торкент айылдары тарапта жатканын билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости